“Токтогул” Триптихтин оң бөлүгү

Мезгил

Кыргызское искусство 1930-1991

Материал/техника

Кагаз, линогравюра

Түзүү күнү

1989

Өлчөмү

47,5х59

Номери

11345-5018-г


Давлетов Каныбек Арипович

1957

График. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1957-жылы 13-мартта Куланак айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын, 1987-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы мамлекеттик институтун аяктаган, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясынын аспирантурасын. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын доценти. 1990-жылдан СССР көркөм сүрөт союзунун мүчөсү. Давлетовдун чыгармаларында адамдын жашоосу жөнүндөгү философиялык ойлор камтылган. Ал өзүнүн руханий бай жан дүйнөсүн чагылдырган чыгармаларды жаратат. Мольберттик живописте да ийгиликтүү иштейт. Чыгармалары Кыргыз улуттук Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде, Германиянын Көркөм академиясында, чет мамлекеттердеги жеке коллекцияларда сакталат. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.