03.12.2021 / 15:00

10.12.2021 / 17:30

«Кыргыз өзөгү - ой иле таасири» аттуу Алтынай Осмоеванын ар кыл көркөм көргөзмөсү

«Кыргыз өзөгү - ой иле таасири» аталышындагы ар кыл көркөм көргөзмөнүн бет ачары, «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында уюштурулуп жаткан, кезектеги маданий иш-чара өтөт. Бул көргөзмө — сүрөтчү Алтынай Осмоеванын улуттук иденттүүлүктү сактоо тууралуу ой толгоосу. Таразанын бир тарабында салттуу маданият жана элдик даанышмандык болсо, экинчи тарабында – социалдык тармактардагы сулуулук, жүрүм-турум жана ой жүгүртүү стандарттары турат. Ааламдашуу доорунда этностор канткенде өз маданиятын сактап калуу менен бирге заманбап жашоонун агымы менен кете алат? Кайсы социалдык тармактардын стандарттары чындап баалуу, кайсынысы маркетинг технологиясы аркылуу таңууланган? Сүрөтчү арт-объектилерин жаратууда көчмөн кыргыздардын байыркы маданиятына таандык болгон кыт, камыр жана кийизди, ошондой эле пластик, катырылган желим жана бүгүнкү күнгө мүнөздүү болгон заманбап сулуулук индустриянын атрибуттарын пайдаланган. Анын ар кыл көркөм куралдары - сүрөт, инсталляция жана видео. Көргөзмөнүн аталыштарынын бири «Кыт, камыр, кийиз жана Ким Кардашьян» эле, акыркы вариантында «Кыргыз өзөгү - ой иле таасири» тандалып алынды. Бул көргөзмөнүн мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана ал «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз-карашын чагылдырбайт.